Айбек Калиев: "386 миллион долларга Бишкек ЖЭБинин 30 пайызы гана курулган"

386 миллион долларга Бишкек ЖЭБинин 30 пайызы гана курулган. Бул тууралуу "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев билдирди. Депутат Мирлан Бакиров Бишкек ЖЭБинин канча пайызы курулуп бүткөндүгүнө кызыкты. Ага Калиев жооп берди.

"386 миллион долларга Бишкек ЖЭБинин 30 пайызы бузулуп, кайра ордуна жаңыланып курулду. Бүгүн ЖЭБдин дагы 70 пайызы жаңыланууга муктаж", - деди Калиев.

Өкмөт башчы Сапар Исаков ЖЭБ өлкө үчүн өтө чоң көйгөй экенин айтты.

"Учурда калган 70 пайызынын бүт баары эски. Бул аябай чоң көйгөй. Жаңы курулган ЖЭБдин 30 пайыз бөлүгү кечээги аварияда бүт Бишкектин жылуулук системин сактап калды. ЖЭБди толук жаңылоо үчүн дагы 600 миллион доллардын тегерегиндеги каражат кетет", - деди Исаков.

Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн.

Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Too-tash
2018-01-31 18:43:01
Бул Исаков деген неме элди акмак ойлойт окшойт... Бул акчага килейген 2-3 ТЕЦ курса болот го нолдон баштап!!!

386 миллион доллардын жарымын "жеп" коюшканы аз болгон окшойт, эми 600 миллионду суйлоп калыптыр го!!!
+8
nargiz-sa
2018-01-31 18:49:54
Мына сагааа 360млн$ 30% эмес 100% бутмок да? Демек булар бир да ондоп тузобой эле баарын жеп коюшкан же кытайлар буларын "тупой" немелер экен деп алдап кетишиптир да а?. Атамбаев озу барып лентасын кеспеди беле. Шермендечилик.
+11
Too-tash
2018-01-31 18:50:11
Ошол акчага заманбап жапжаны ТЭЦ курса болот экен, учурдагы Бишкек ТЭЦтин кубаттуулугундагы....

Ошондо 600 миллион долларга ондоп-тузоо иштерин жургузгон жакшыбы (70% болгону) же жапжаны ТЭЦ курган жакшыбы?!!

Бул Сапар Исаковун 200 миллион керек жерге 2-3 эсе кобун айтууну адат кылып алган окшойт, бир сугунганда милоиондорду сугунганды адат кылып....
+3
Mers124
2018-01-31 19:05:18
Таджикстан 350 млн долларга Душанбеге жаны ТЭЦ салды.Кыргызстан 386 млн долларга даяр ТЭЦтин 30 пайызын ондоду. Казакстан 80 млн долларга ТЭцин 100 пайыз ондоду.
+9
KGstan1981
2018-01-31 19:18:21
Бул искейиндер.Туруп туруп эле электр энергияга болгон тарифти жогорлотуш керек деп айтышат.Туруп туруп эле дагын 600млн$ керек деп жатышат.Эмне учун Атамбаевтин жолун жолдогон урматтуу президентибиз унчукпай жатат.Кимге кыйын болду карапайым элге кыйын болду.Сапар сага эстетип коеюн март,апрель айлары келип жатат.Бул айларда кыргыздардын каны кайнап калган кез болот.Жэ эмне 2005-2010ж.ж. унутуп калдынбы.Анан мультимиллионер экоонор чет олколрдо политическое убежище издеп калбагыла.
+4
jbolotov
2018-01-31 19:31:01
Прокуратура шалаакылык деп иш козгобой коррупция особо крупного размера деп иш козгосо болмок.
+2
taku1414
2018-01-31 19:50:18
Бул акмактар дагы эле тойбойт экен да.
+1
Kg.arts.
2018-01-31 20:02:48
350 миллион долларга Бабанов бир чон цемент завод салган.
+4
Firdaus-Muslim
2018-01-31 21:43:44
Биздин бийликтегилердин алкымдарына там бердим. ТЭЦтин 30% гана оңдолсо 70% оңдоло элек болсо, 386 млн $ кайда кетти ким көрдү? Оң чөнтөк сол чөнтөк.
Кызыл кызыл кекиртек кыйла жерге секиртет.
+3
Arlenchik
2018-01-31 23:07:12
Акмактар жегенинер аш болбой тешип чыксын, уялсанар боло, 386млн $га мындан чон заманбап оборудованиялар мн жаны тэц салса болот, торттон уч болугун чонтоко ургансынар акмактар, жоопкерлер жоопко тартылат дейсинер чонунаргабы! ашанын командасы договор тузгон, кайрале ошолор бийликте, анан балакетти оз кочугунорду чукуйсунарбы, аягы келип качагарларды куноолу кылып озунор таза адам болуп чыга келесинерда, каражаттын баарын жеп салып эми уялбай айтып аткандарын, олуп эле кеткиле!
+2
ksb
2018-01-31 23:42:58
Аябай мактанышты эле,Ктрден байма бай айтып,кокуй кыйратып салдык,модернизациялап салдык,Атамбаев азамат,эч нерсе кылган жок дегендерге мына жооп деп АША муштуму менен трибунаны койгулап...Мына сага модернизация!!! Мына сага жаңыланган ТЭЦ!!!
+3
Nurik1988
2018-02-01 00:03:46
Андай Акчага Бишкеке автоматический иштей турган ТЭЦ куруп жанына осабняк уй куруп алат элем мен. Силер жеп тойуп жарылбадыарда
0
Defans2017
2018-02-01 00:34:46
Дагы 600 миллион доллар керек дешет,ошондо почти Бир миллиард долларга ондолобу? Орустар 750 миллион долларга зангыраган Зенит стадионун куруп бутурушту.
+2
Ahmad2015
2018-02-01 17:31:57
Ууф тойгоздунар же тоюп олбодунор не дешинди билбейсин кыргыздын аннык
душмандары аябай согуп таштайн дейм Айла жок
0
Football.kg
2018-02-01 18:38:28
386 миллион $га бир бутун жаны ТЭЦ курса болмок. 600 миллион $га "Лужники" стадиону жаныланып, заманбап стильде курулду. Булар болсо 600 миллион $га эски ТЕЦтин 70 % жанылайбыз деп кантип уялбай айтып жатышат? "Оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун" болуп жатабы? Ушул Сапар Исаковдон жана анын командасынан эл жакшы иштерди жана умутторду кутту эле, окмотко жалан жаштар келди деп. Аттин...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан