Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча маселе каралууда.
Анда КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева "Улуттук энергетикалык холдингдин" башчысы Айбек Калиевден канча айлык маяна ала турганын сурады.
Айбек Калиев: "Мен 39 миң сом алам. Бишкек ЖЭБинин жетекчисинин айлыгы 27 миң сом. От казанды иштеткендер эң аз дегенде 16-17 миң сом алышат", - деп жооп берди.
Айта кетсек, Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталгандыгы маалымдалган.
29-январда өткөн брифингде Бишкек ЖЭБдин башкы инженери Нургазы Жээнбеков жаңыланган от казанын кошуу боюнча өзү чечим кабыл алса боло турганын айткан. Бирок ал эмне үчүн жаңыланган от казанын кошконго уруксат бербегени боюнча журналисттердин суроолоруна жооп бере алган жок.
“Улуттук электр станциялары” ишканасынын башкы директорунун орун басары Бердибек Боркоев: "Жаңыланган от казандарын кошуу үчүн 10 саат талап кылынмак, ошондуктан кошулган эмес. Эскилер үчүн 3 гана саат талап кылынат", - деп журналисттердин суроолоруна жооп берген.