Депутат Кожобек Рыспаев: "ЖЭБди жаңылоо келишимин тезирээк кабыл алып берүүбүздү Сапар Исаков өзү суранган"

"ЖЭБди жаңылоо келишимин тезирээк кабыл алып берүүбүздү Сапар Исаков өзү суранган", - деп билдирди SUPER.KG'ге Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев.

"Биринчиден, комитет төрагалары маселени жалгыз чечпейт, комитеттин мүчөлөрү добуш берет. Андан кийин жалпы жыйынга жөнөтүлүп, парламентте каралып, 120 депутат добуш бергенден кийин гана өкмөткө барат. Сапар Исаков ошол кезде президенттик аппаратта туруп "акчаны бул жакка бөл, ал жакка бөл" деп аткаруу бийлигине буйрук берип, акчаны жеп алып, бүгүн бөйрөктөн шыйрык чыгарбасын.

Бардык мыйзамды биз кабыл алабыз, анда 120 депутатты суракка алсын. Бюджетке келген акчанын бөлүнүшүнө аткаруу бийлиги жооп берет.

Мыйзамды шашылыш кабыл алган эмеспиз. "10 күндүн ичинде мыйзамды кабыл албасаңар акча келбей калат, ЖЭБ курулбай калат" деп Осмонбек Артыкбаев, Сапар Исаков өздөрү суранып, "тез өткөргүлө" деген кабар беришкен. Биз ЖЭБ жаңыланбай калбасын, элге керек деп мыйзамды кабыл алып бергенбиз. Ошол кездеги мен жетектеген комитет техникалык-экономикалык негиздеме жок экени боюнча жана башка эскертүүлөрдү жазган. Анын депутаттар күнөөлүү деп айтканы бет тырмарлык, "ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" болуп жатат", - деди Рыспаев.

Айта кетсек, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Бишкек ЖЭБин жаңылоо келишимин жактырууда мыйзам бузууга жол берген деп Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин ошол кездеги төрагасынын орун басары Курманбек Дыйканбаев, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын ошол кездеги орун басары Каныбек Иманалиев жана Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасынын ошол кездеги орун басары Кожобек Рыспаевди айыптаган.

Ушул жылдын январь айындагы катуу суукта Бишкек ЖЭБи аварияга учурап, шаар тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Бул окуяга байланыштуу 2017-жылы ири суммага модернизацияланган ЖЭБге карата сындар күчөп, Кытайдан насыяга алынган 386 миллион доллардын максатсыз сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен иш козгоп, УКМК тергөө жүргүзө баштаган.

Июнь айында Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурунку премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев да камакка алынган. Андан сырткары да бир топ аткаминерлер кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан