Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев Бишкек ЖЭБди жаңылоо боюнча иши сотко өткөндөр кимдер экенин сурады. "Иш тергелип бүттү, сотко өтүптүр. Кимдердин иши сотко өттү?" - деп сурады депутат.
УКМКнын төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков бул тууралуу маалымат каражаттарына деле чыкканын эскертти. "Улуттук энергетикалык холдингдин" башчысы Айбек Калиев, анын биринчи орун басары жана ЖЭБдин мурунку башчысы Өмүркулов" деди Кожобеков.
Камчыбек Жолдошбаев "Кайсы Өмүркулов, Иса Өмүркулов эмеспи?" деп УКМКнын төрагасынын орун басарынан суроо салды.
Кожобеков: "Иса Өмүркулов эмес, Нурлан Өмүркул уулу", - деп жооп берди.
Депутат бул боюнча жыйынтыкты эл күтүп жатканын белгиледи.
Учурда жыйында “2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин жаңылоо үчүн 2014-жылы алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыяны сарамжалдуу пайдаланылышын териштирүү боюнча Жогорку Кеңештин убактылуу комиссиясынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтом талкууланып жатат.