"ТВЕА кытайлык компаниясынын электр өндүрүү тармагында тажрыйбасы чоң экенин көргөнбүз", - деп бүгүн, 3-апрелде Бишкек ЖЭБдеги кырдаалдын себептерин иликтөө боюнча дептутатык комиссиянын жыйынында депутат Осмонбек Артыкбаев билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, аталган компаниянын электр өндүрүү тармагындагы тажрыйбасы менен таанышып келүү үчүн Кытайга делегация барып келген. Анын курамында Жогорку Кенештин V чакырылышынын депутаттары жана адистер болушкан. Осмонбек Артыкбаев ошол учурда энергетика жана өнөр жай министри болуп турган.
“Менин билишимче, адегенде, курамында 5 депутаттан турган делегация барып, ал жердеги ЖЭБдердин абалы менен таанышкан. Андан кийин Кытай өкмөтү тарабынан Бишкек ЖЭБди курууга сунушталган ТВЕА компаниясынын иши менен таанышып келүү боюнча өкмөт тарабынан тапшырмасы коюлган. Курамына Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары жана адистер кирген делегация Кытайга барып, ТВЕА компаниясынын жасаган иштерин көргөнбүз. Ал жерде бир жумага жакын убакыт болсок, компаниянын өкүлдөрү ар дайым бизди коштоп, жасаган иштерин көрсөтүшкөн. Компаниянын электр өндүрүү тармагында тажрыйбасы чоң экенин көргөнбүз", - деди Артыкбаев.
Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.