"Эмнеге ЖЭБди жаңылоо үчүн Кытайдын Эксимбанкынан кредит алынган?" деп Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин көчмө жыйынында депутат Умбеталы Кыдыралиев өкмөт мүчөлөрүнөн сурады.
Финансы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөковдун айтымында, кредитти бир жерден алуу үчүн башка уюмдардан акча алууга мүмкүнчүлүктүн жоктугу себеп болгон.
"Эгер биз каражат алуу үчүн эл аралык финансылык уюмдарга кайрыла турган болсок, бир нече уюмга кайрылууга туура келмек. Ага мүмкүнчүлүк болгон жок. Акчаны бир жерден алуу үчүн Кытайдын Эксимбанкына кайрылганбыз", - деди Байгөнчөков.
Айта кетсек, Бишкек ЖЭБин жаңылоого Кытайдын Эксимбанкынан 386 миллион доллар кредит алынган.