Депутат: "Мамлекеттик иштерде өз кызыкчылыгыбызды алыс коюшубуз керек"

Бүгүн, 10-майда ЖЭБдеги күмөндүү жагдайды иликтеген депутаттык комиссия корутундусун чыгарды. Ушул маселеге ылайык SUPER.KG порталынын "ЖЭБди жаңылоого байланыштуу кемчиликтерди иликтеген депутаттык комиссия жооптуулардын атын атоодо саясий чайкоочулук кылып жатабы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутат Таалайбек Масабиров төмөнкүдөй жооп узатты.

Депутат Масабировдун айтымында, кимдин кандай күнөөсү бар экенин сот чечет. Мамлекеттик кызматтагылар элдин кызыкчылыгын алдыга коюу керек деген ойдо. "Депутаттык комиссиянын корутундусундагы тизмеде саясий кызыкчылык болгон же болбогону суроо-жооптон кийин белгилүү болот. Депутаттык комиссия өз кызыкчылыгын кошпошу керек. Эгер өз кызыкчылыгын корутундуга кошуп жиберген болсо, ал билинет. Депутаттар мамлекеттик иштерде өз кызыкчылыгыбызды алыс коюшубуз керек. Эл бул маселени күтүп жатат, ошондуктан элдин кызыкчылыгы алдыңкы орунда туруш керек. Мен тизмени карап чыктым, ким кандай кошулганын, себептерин депутаттык комиссия өздөрү айтат. Ал эми кимдин кандай күнөөсү бар экенин сот чечет", - деди Масабиров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Иса Өмүркулов, Рыскелди Момбековдун жана саясат таануучу Даниел Кадырбеков менен мурдагы депутат Өмүрбек Абдырахмановдун пикири бул шилтемеде.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан