Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги авария боюнча депутаттык комиссия түздү. Мындай демилгени парламенттик "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы сунуштап депутаттар колдоду.
Эми депутаттык комиссия 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгат.
Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирди:
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Исхак Масалиев,
КСДП фракциясынан Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев,
"Бир Бол" фракциясынан Мыктыбек Абдылдаев,
"Ата Мекен" фракциясынан Сайдулла Нышанов.
"Республика-Ата Журт" фракциясынан Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев,
"Кыргызстан" фракциясынан Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.
Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн.
Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.
Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.