“ЖЭБге сырттан көмүр сатып алууну качан токтотобуз” деп депутат Азиз Турсунбаев тармактык комитеттин жыйынында сурады.
Ал учурда Казакстандан канча тонна көмүр сатып алынганын сурады.
“ЖЭБдин химиялык цехи кайсы акчага курулду? 386 миллион доллардын ичиндеби? ЖЭБге качан жергиликтүү көмүрдү толук иштетебиз?” - деп сурады ал.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов учурда Казакстандан 400 миң тонна көмүр сатып алынганын айтты.
“Өзүбүздүн көмүрдөн ЖЭБге 600 миң тонна пайдаланабыз. Бул жаңы куруп бүткөрүлгөн бөлүккө иштетилет. Бирок ЖЭБдин эски бөлүгү үчүн азырынча Казакстандын көмүрүнө муктажбыз”, - деди ал.
Ошондой эле химиялык цехти курууга 6 миллион доллар каражат сарпталып ал Кытайдан насыяга алынган 386 миллион дооллардын ичинен коротулганы айтылды.