Депутат Бишкек ЖЭБи боюнча өкмөткө берилген тапшырмалардын аткарылышы тууралуу маалымат угууну сунуштады

Депутат Талант Мамытов Бишкек ЖЭБи боюнча өкмөткө берилген тапшырмалардын аткарылышы тууралуу маалымат угууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Буга чейин Бишкек ЖЭБи боюнча маселени парламентте талкуулаганбыз. Ошол бойдон бүгүнкү күнгө чейин эч кандай маалымат жок. Биз бул маселени карап чыгып, өкмөткө жана тиешелүү органдарга тапшырганбыз. Кандай иш амалдар жүрүп жатат? Берген тапшырмаларыбыз боюнча маалыматты угуп койбойлубу", - деди Мамытов.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бул маселе ушул айдын аягында карала турганын айтты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bektur2011
2019-02-07 10:30:57
ТЕЦтен 111миллионду уурдагандарды камаш керек АШАны баш кылып
+1
Erik2018
2019-02-07 10:33:21
ЖЭБ боюнча бардык чиновниктер жооп бериши керек. Ошолордун баары жеп ичкенин куссун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан