Башкы прокурор мурдагы финансы министри Ольга Лаврова Бишкек шаарында экенин айтты

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков мурдагы финансы министри Ольга Лаврова кайсы жакта экенин сурады.

"Бишкек ЖЭБи боюнча маселени талкуулап жатканыбыз сотторго кысым болуп калат. Башкы прокурор башында маселенин баарын айтты. Эң этегинде мыйзамдуу жагын айтып, сотко кысым болуп калат деп билдирди. Асылбек Жээнбеков уурулар абакта отурушу керек деп белгиледи. Албетте, бул туура. Каныбек Иманалиев ЖЭБдеги модернизациялоо боюнча Салайдин Абазов менен Ольга Лаврованын жоопкерчилиги каралышы керек деди. Лаврова кайсы жакта? Анын мүлкү камакка алындыбы?" - деп сурады депутат.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: "Ольга Лаврова Бишкек шаарында. Ага айып коюлуп, мүлктөрү камакка алынган", - деди.

Момбеков анын мүлктөрү камакка алынганы жөнүндө маалымат башкы прокурордун баяндамасында жазылбаганын айтты.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында Лаврова чет мамлекетке качып кеткени тууралуу маалымат чыккан.

Депутат: "Ольга Лаврованын жоопкерчилиги каралышы керек, ал каякта?
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан