Мыктыбек Абдылдаев: "Мен келишимди ратификациялаганда колду-бутту бурайбы каршы добуш бергем"

Бишкек ЖЭБиндеги маселелер талкууланып жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев "Мен келишимди ратификациялаганда колду-бутту бурайбы каршы добуш бергем. Туура эмес болуп калат деп айтканбыз", - деп билдирди.

"Бул келишим боюнча ратификацияны мыйзамсыз деп жатасыздар, туурабы? Мен аз депутаттардын катарында болчумун, мен ушул нерсеге колду-бутту бурайбы каршы добуш бергем. Туура эмес болуп калат деп айтканбыз. Мына бүгүн ошондой болуп калды. Кээде ар бир инсан туруштук бериши керек. Туура болсо туура жагына, туура болбосо туура эмес жагына деп", - деди Абдылдаев.

Буга УКМКнын өкүлү Сагынбек Самидин уулу: "Ратификация мыйзам менен бекитилген. Мыйзамды мыйзамсыз деп айтканга укугубуз жок. Кредиттик келишим гана ратификациядан өткөн. Биздин ишибиз контракттык келишимдин арасында болгон", - деди.

"Өкмөт ЖЭБдеги быйылкы кырдаал боюнча кандай баа берди? Чындап келгенде күндүн жылуулугу менен эле аман калдык", - деди Абдылдаев.

Буга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов туура деп кошулду.

"Туура деп катуураак эле айтып койбойсузбу? Былтыркыдай суук болгондо дагы көп маселе болмок", - деп кошумчалады Абдылдаев.

"Учурда буга баа бере албайбыз. Себеби техникалык комиссия ишин аяктай элек. Ал аяктаган соң толук маалымат берилет", - деп жооп берди Боронов.

Жыйында "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы № 2221-VI токтому менен түзүлгөн 2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин реабилитациялоо үчүн 2014-жылы алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү кредиттин сарамжалдуу пайдаланылышын териштирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" Жогорку Кеңештин 2018-жылдын 17-майындагы № 2408-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу өкмөттүн маалыматы угулууда.

Абдылдаев: "Колу-бутту бурашса да биз каршы деп добуш бергенбиз"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан