Кечээ, 26-февралда “Электр станциялар” ААКсы Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссияга Кытай грантынан сатып алынган эмеректер боюнча документти берди. Анда эмерек сатып алууга 200 миң доллар коротулган.
Документке ылайык, бир айланма отургуч алууга 116 доллардан 203 долларга чейин каражат жумшалган. Китеп салуучу шкаф 326 долларга, отургуч 130 долларга сатып алынган. Кээ бир отургучтар 36 долларга 81 долларга алынган.
Бишкек ЖЭБине 110 айланма отургуч, 85 эки көздүү стол, 115 китеп салуучу шкаф, 570 отургуч берилген. кытайлык “ТВЕА” компаниясы Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга жаңылаган. Ал эми 20,3 миллион доллар эмерек, жабдыктарды сатып алууга, мектептерди курууга грант түрүндө берген.