ЖАМК: "Текебаевди дарылоо №47-колонияда улантылат"

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Текебаевди дарылоо №47-колонияда улантылат. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Текебаев 16-январда кардиолог жана эндокринологдун текшерүүсүнөн өткөн. "Ал 31-январда дарыгерлердин кароосунан өткөн. Врачтар дарылоону №47-абактан улантууну сунуштаган", - деп кабарлады.

Буга чейин Жогорку Кеӊештин бир топ депутаттары Текебаевди түрмөдөн ооруканага которуу өтүнүчү менен ЖАМКнын төрагасына кат жолдошкон.

Исхак Масалиевдин айтымында, "Ата Мекендин" лидеринин кан басымы көтөрүлүп жатканы байкалган.

Белгилей кетсек, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Makain
2018-02-05 19:23:49
Масалиев доктур бекен калп эле билерман боло берет
-4
Kuba-savai87
2018-02-05 20:35:03
Чыкса эле качып кетет деп коркуп атат окшойт
-3
Kuba-savai87
2018-02-05 20:36:11
Чыгат бир куну акталып ооххоо ошондо сазайын берет го, Ким как жеринен каматса дагы.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан