"Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча өтүнүч Жогорку Сотко жөнөтүлдү. Маалыматты SUPER.KG порталына "Адилет" укуктук клиникасынан Чолпон Жакупова ырастады.
"Жогорку Соттун кылмыш иштери боюнча коллегиясына 13-февралда Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы жагдайлар боюнча карап чыгуу өтүнүчүн жөнөттүк. Ишти кайра карап чыгуу боюнча өтүнүчүбүз канааттандырылышын айтып жатабыз. Буга Жоруктар жөнүндө кодекстин ишке кириши негиз болду. Адам укуктары боюнча Эл аралык комитетте анын кызыкчылыгын коргоп келгенибиз үчүн, сотко катышууну туура көрдүк", - деди Жакупова.
Белгилүү болгондой, Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова өзүнө козголгон кылмыш иши менен алек болуп жатканына байланыштуу жактоочу жана Өмүрбек Текебаев анын кызыкчылыгын коргоп берүү өтүнүчү менен "Адилет" укуктук клиникасына кайрылышкан.
Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Анын камалышына негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевскийдин өзү Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип, камакка алынган.