Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитетине абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш иш боюнча документтер келип түштү. Бул тууралуу маалыматты "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова ырастап, иш кароонун кезегинде турганын белгиледи.
Маалыматта айтылгандай, ишти комитет расмий түрдө каттап, анын мүчөлөрү карап чыгып, андан кийин өлкөнүн позициясын сурайт. БУУнун адам укуктары боюнча комитетине мамлекеттин жообу келгенден кийин укуктук клиниканын юристтери өздөрүнүн далилдерин келтиришет.
Буга чейин Текебаевдин укугун коргой турган "Адилет" укуктук клиникасынын юристтери күчүнө кирген жаңы кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, ишти кайра кароо өтүнүчү менен материалдарды Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жибергенин кабарлашкан.
Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүмдү Бишкек шаардык соту, Жогорку Сот күчүндө калтырган.