Энеси тарабынан депкир менен эсинен тангыча сабалган наристе бүгүн саат 14:00дөрдө Ош шаарындагы көрүстөндөрдүн бирине жерге берилет. Бул тууралуу Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева SUPER.KG'ге билдирди.
"Мен азыр эле шектүү келиндин атасы менен сүйлөштүм. Аларга кызынын баласы чарчап калганын айтсам "биз аны жерге берүү зыйнатын өткөрүүдөн баш тартабыз, мени кечирип койгула, өзүм ооруп жатам" деди. Учурда биз баланы мечитке алып барып, жаназасын окутканы жатабыз, андан соң шаардык мэрия уруксат алып берген көрүстөнгө коюлат. Ал эми наристенин апасы баланы жерге берүү зыйнатына келбейт", - деп билдирди Раева.
Эске салсак, Кара-Кулжа районунун 23 жаштагы тургуну өзүнүн 2 жаш 8 айлык баласын депкир менен эсинен тангыча сабагандыгы маалымдалган. Кийинчерээк өздүк булактар анын сойкулук менен алектениши мүмкүн экендигин билдиришкен. Ал эми дарыгерлер эсин жоготуп ооруканага түшкөн наристенин абалы оор экенин, анын денесинде ур-токмоктон калган эски тактар да бар болгонун айтышкан. Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө аял баласын шымына сийип койгондугу үчүн сабаганын айткан. Кийин келиндин туугандары табылып, бирок аны менен байланышуудан баш тартып жатышканын Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынан билдиришкен. Кийин келиндин ата-энеси табылып, бирок кызы менен байланышуудан баш тартышканы белгилүү болгон. Бала окуя болгондон 10 күндөн кийин эсине келбей чарчап калган.