Абакта жаткан оппозициячыл саясатчылардын бири кургак ачкачылыкты токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
"Бүгүн эртең менен кургак ачкачылыкты кармап жаткандардын бири Кубанычбек Кадыров суу жана чай иче баштады. Бирок ал ачкачылык кармоону улантууда, болгону кургак ачкачылыкты токтотту. Учурда ачкачылык кармаган саясатчылардын баарынын эле абалдары жакшы, дарыгерлер көзөмөлдөп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Буга чейин "Саясий туткундарды коргоо" комитетинин мүчөсү Зульфия Марат ачкачылык кармап жаткандардын бири Бектур Асанов ден соолугу начарлап, баса албай калганын билдирген. Ошондой эле ачкачылык кармап жаткандарга Дастан Сарыгулов да кошулганын маалымдаган.
Оппозициячыл Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков 30-январдан тарта абакта кургак ачкачылык кармап жатат. Алар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызмат ордунан кетип, мыйзамсыз аракеттери үчүн кылмыш иши козголсун деген талаптарды коюшкан.
Белгилей кетсек, өткөн жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Элдик парламенттин" мүчөлөрү боюнча чечим чыгарган. Ага ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров Кылмыш-жаза кодексинин 27 (кылмышка даярдануу) жана 295-беренелери (бийликти күчкө салып тартып алуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылышкан. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 24-мартынан тарта эсептелет.
Эрнест Карыбеков Кылмыш-жаза кодексинин 339 (кылмышты жаап-жашыруу) жана 292-берене (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилди. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 26-мартынан тарта эсептелет.
Ал эми Дастан Сарыгулов Кылмыш-жаза кодексинин 339-берене (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Анын үч жылына шарттуу өтөө жазасы белгиленген.
7-февралда райондук соттун чечимин Бишкек шаардык сот күчүндө калтырган.
2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асановжана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган.