"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Бейтаптардын орой мамилесине чыдабаган лаборант өз эрки менен жумуштан кетүү тууралуу арыз жазды" дейт жетекчиси

Бейтаптардын орой мамилесине жана аз маянасына нааразы болгон кызматкер өз эрки менен жумуштан кетүү тууралуу арызын жазды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда SUPER.KG порталына Бишкек шаарындагы 16-үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Зайнагүл Тайсалова билдирди.

"8-февралда саат 09:00дө 5-6 аял анализдерин лаборантка айтып алдырып коюуну өтүнүп келишкен. Мындан улам мен лаборантка барып анализдерин алдыртып койдум. Ал эми лаборант Б.Кыдыралиева аталган аялдар мага чейин ага барышкандыгын жана ар кандай жаман сөздөр менен урушуп кетишкенин айтып ыйлады", - дейт Тайсалова.

Анын айтуусуна караганда, бул окуядан кийин аталган лаборанттын кан басымы көтөрүлүп, дарыгерлердин жардамына муктаж болгон. Андан сырткары күндөн-күнгө күчөп бара жаткан бейтаптардын орой мамилесине жана медицина кызматкерлеринин укугу корголбой жаткандыгына нааразы болуп, кызмат ордунан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазган.

Ошондой эле ал аталган медицина борборунда 2 лаборант клиникалык изилдөө боюнча иштеп, бирөө фельдшер-лаборант билимин жогорулатуу үчүн окуп жаткандыктан, аталган кызматкер жалгыз иштеп жүргөндүгүн кошумчалады.

Айта кетсек, буга чейин окурман SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө "Бишкек шаарындагы 16-бейтапканада лаборант анализ албай, билгениңерди кылгыла деди", - деген билдирүүсүн жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nanei
2018-02-15 16:11:37
Эл да шумдук казыр,кеч барышат анализ тапшырганы,анан ызы чуу салат.
+4
aman0296
2018-02-15 17:21:20
Сылык сыпай бири бирине суйлосо болот да. Давай анализди ал ! Бол! Дебей. Чыгып баратканда "рахмат" деп. Вообще культура речи деген сабак керек бизге
+3
-Sumitra-
2018-02-15 19:12:02
Видеону коруп келдим.Чын эле кыйынсып эшикти жаап алыптыр го лобарант.Кайсы жерде 30 эле адамга анализ алгыла деп жазып коюптур?Керек болсо, саат 7:30дан баштап алышат го 8:30га чейин.
+1
dina
2018-02-15 21:16:26
Кетип калганы жакшы болуптур, эми нормасы келер. Эл менен иштегенден кийин кичине ийкемдуу болуш керек, озун кудай сезбей. Билим алып жатканда психология деген сабак отулот атайын эл менен иштоо жонундо. Орулуулар ар кандай настройдо келишет.
+1
kani-esen
2018-02-15 21:36:21
Ээ калп эле орой мамиле кылды деп атышат. Эми саясатчылар калып ушулар калды эле. Кыргызстандын любой жерине ооруканага барып кор, акча бербесен иттей мамиле кылышат.
Карасан буларды уурусу куч болсо ээсин жыгат болуп.
Ушулар калды эле элди эзбеген.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан