Бишкек шаарында коомдук транспортту айдап бара жатып телефонуна алаксып, Инстаграмды карап отурган айдоочу изделип жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 16-февралда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бул окуя боюнча тийиштүү тапшырмалар берилген. Учурда ал айдоочуну издөө иштери жүрүп жатат. Анын аты-жөнү такталып, табылгандан кийин кандай чаралар көрүлөрү белгилүү болот. Негизи унаа айдап бара жатып, телефондо сүйлөшкөн адамга 200 сом айып пул салынат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин окурман SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө "коомдук транспорттун айдоочусу унаасын айдап бара жатып телефонун чукулап, Инстаграмды карап отурат", - деп видео жөнөткөн эле.