Казакстанда атайын операциянын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу кармалганы айтылууда. Казакстандык ЖМКлардын маалыматына караганда, 15-16-февраль күндөрү өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустарында бир убакта чоң масштабдагы атайын операция жүргүзүлгөн. Ал коңшу өлкөнүн Башкы прокуратурасы, Улуттук коопсуздук комитети жана Коррупцияга каршы аракет көрүү боюнча улуттук бюросунун координациясында ишке ашкан. Атайын операция бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу, Казак өлкөсүнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү максатында иш жүзөгө ашкан. Атайын операциянын жыйынтыгында 29 шектүү адам кармалган.
Алардын арасында Казакстан мамлекетинин бажы тармагында, укук коргоо органдарында иштеген кызматтагы адамдар, брокерлер, ортомчулар, кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана Кыргыз мамлекетинин эки жараны бар болгондугу кабарланды. Кармалган Кыргыз жарандарынын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги айтылууда.
Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Салайдин Айдаров SUPER.KG'ге билдиргендей, Дамирбек Асылбек уулунун кармалганы боюнча так маалымат жок.
"Мен дагы азыр гана Казакстандын басылмаларынан окуп таң калып отурам. Бирок расмий маалыматтар жок болууда", - деди Айдаров.
Белгилей кетсек, ушул аптанын башында эле интернетке Жогорку Кеңештин депутаттары Дамирбек Асылбек уулу менен Салайдин Айдаровдун жана "Аю" компаниясынын жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримовдун өзбекстандык олигарх “Салим байбачага” чапан жапкан сүрөтү тараган.
Салайдин Айдаров “Салим байбачага” эмне үчүн жолукканын жана чапан жапканынын себебин түшүндүрүп берген. Анын белгилешинче, интернетке тарап жаткан сүрөт 2014-жылы Өзбекстанда тартылган.