Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда 10 жылга эркинен ажыратылды. Мындай маалыматты Тengrinews.kz басылмасы жазды. Бүгүн, 24-апрелде Алматы шаарында ага сот чечим чыгарды. Ал Кыргыз-Казак чек арасындагы аткезчиликке айыпталып жаткан.
"Дамирбек Асылбек уулу "экономикалык аткезчилик", "мамлекет аралык уюшкан топ түзүү жана жетектөө" беренелери менен айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылды", - деп жазылат басылманын маалыматында.
Мындан тышкары 39 жаштагы Кыргыз жараны Уланбек Мурадилов менен 34 жаштагы Чыңгыз Абакировду да сот күнөөлүү деп тапкан. Сот өкүмдү окуп жатканда айыпталуучулар жаңжал чыгарууга аракеттенишкен.
"Формачан кызматкерлер соттолуучуларды тезинен сот залынан чыгарып башташты. Сот дагы өкүмдү аягына чейин окубай эле залдан чыгып кетти. Соттолуучулардын туугандары залда ызы-чуу болуп көпкө отурушту. Алар андан кийин да соттун имаратынын алдында нааразычылыгын билдирип, кетпей турушту", - деп жазды Тengrinews.kz.
Окуянын чоо-жайы:
2018-жылдын 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында аткезчилик менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн токтотуу максатында атайын операция жүргүзгөн. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны да болгон. Анын бири - Жогорку Кеңештин ошол учурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип колго түшүшкөн.
Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу аныкталып, 16-апрелде депутаттык мандатынан ажыратылган.