Казакстандын Тышкы иштер министрлиги атайын операциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын эки жараны кармалганын, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экенин тастыктады. Бул тууралуу маалыматты "Спутник Казакстан" маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, 17-февралда эки Кыргыз жаранынын кармалышы, анын ичинде Дамирбек Асылбек уулу боюнча Казакстандын Тышкы иштер министрлиги расмий Бишкектин нотасына жооп кайтарган.
Буга чейин казакстандык ЖМКлар 15-16-февраль күндөрү Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустарында бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу, Казак өлкөсүнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү максатында атайын операция иш жүзөгө ашкан. Атайын операциянын жыйынтыгында 29 шектүү адам кармалган. Алардын арасында Казакстан мамлекетинин бажы тармагында, укук коргоо органдарында иштеген адамдар, кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана Кыргыз мамлекетинин эки жараны бар болгондугу кабарланып, Кыргыз жарандарынын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги айтылган.
16-февралда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Казакстандын консулу Ерлан Абишев чакыртылып, эки Кыргыз жаранынын кармалганын тастыктоо боюнча нота тапшырган.