Казакстанда соттолгон экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу өлкөгө экстрадицияланды

Казакстанда соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу өлкөгө экстрадицияланды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кечээ, 18-ноябрда алынып келинген.

"Учурда ал СИЗО-1де. Жогорку Сот эки өлкөнүн мыйзамдарындагы артыкчылыкты карап чыккан соң, анын жаза өтөө мекемеси аныкталат", - деди басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

2018-жылдын 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында аткезчилик менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн токтотуу максатында атайын операция жүргүзгөн. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны да болгон. Анын бири Жогорку Кеңештин ошол учурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип колго түшүшкөн.

Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу аныкталып, өткөн жылдын 16-апрелинде депутаттык мандатынан ажыратылган.

24-апрелде Алматы шаардык соту Дамирбек Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыраткан. Аны “улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана жетектөө”, “экономикалык контрабанда” беренелери боюнча кылмыштарга күнөөлүү деп табышкан. Экс-депутаттын жактоочулары сотту кайра кароого өтүнүч жиберишкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
u02u02
2019-11-19 15:01:03
Бул жактан жатак абак анан уй камак анан кафе ресторан анан акталды анан ак уй кок уй короче акчан болсо калтанда талтандада талтанда)))
+25
kechirmeni
2019-11-19 15:06:31
бул жакка келсе анда эрте эле чыгат экен
+17
Tolik777
2019-11-19 15:10:10
Суттон ак, монгу суудай таза болуп акталып чыгат эми.
+23
Losw1
2019-11-19 15:18:13
Атангору, акмак бийлик болсо, адилеттуулук кайдан жашасын... Бул кылмышкерди аз убакта уй камагына чыгарып, анан актап чыгат сатылма соттор. Кийинки жылы шайлоого катышса мен тан калбайм.......
+16
bekbol2006
2019-11-19 15:27:32
Бул деген акталды боштондукка чыкты деген
+15
Mamiev
2019-11-19 15:45:01
Бизге эмне кереги бар бул Казакстандын жараны деп жатпады беле. Бизге келди болду ооруйт же бат эле акталат. Чет жерде камалып калып оорусан өтпөйт бизде эле ооруп калса шарт койо берет
+12
Losw1
2019-11-19 15:51:27
Бизде депутат болуп отурган бул шумпай Казахстандын жараны болуп чыкты го?!! БШКда бут сабатсыздар отурат, ар кайсы олконун жараны, кылмышкерлер депутат болуп келип жатат...

Казахстандын жараны экени тастыкталып, Казахстандын соту тарабынан куноосу мойнуна коюлуп абакка окум кылынган адам эмнеге Кыргызстанга эктрадиция болуп жатат, Кыргызстандын жараны болбогон сон?!!

Демек аттуу-баштуу депутат, министр ж.б. жен ичинен казак бийлигинен суранышкан, бул кылмышкерди бизге
+11
Nurgazy80
2019-11-19 15:52:58
Жогорку Кеңеш депутаты, кой оозунан чөп албаган момун,жоош. Трибунага чыгып сүйлөгөндөн тартынган уялчаак.
+3
Losw1
2019-11-19 15:52:59
экстрадициялоону. Анткени бул жакта табакташ, узонгулош Ак уйдогу тааныштары коп ал кылмышкердин. Экстрадициялоодогу максаты эптеп боштондукка чыгаруу.....
+11
bond
2019-11-19 16:00:32
Кайра Казакстанга жөнөтүү керек мындайлар бизде ашыкча деп.
+14
nargiz-sa
2019-11-19 18:31:22
bond,туура по учун мамлекет акча болуп бюджеттин эсебинен багат да
+1
Bars88
2019-11-19 16:02:00
Дагы бир оорулу пайда болот экен да айыккыс.Ооруканада анан курорттордо мамлекетин акчасына дем алып жатып анан акталат да
+13
Nurik929394nur
2019-11-19 17:01:25
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан