"Кыргызстандын" лидери Алматыда кармалган депутат Казакстанга кандай себептер менен барганын айтып берди

Парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков Алматыда кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулу Казакстанга кандай себептер менен барганын SUPER.KG`ге айтып берди.

"27-февралда Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпиондугу өтөт, алар ошого даярдык көрүп жүрүшкөн. Дамирбек Асылбек уулу 15-февралда Жогорку Кеңеште жыйынга катышкан, андан соң күрөш боюнча даярдык көрүү үчүн Алматыга барып келейин деп суранган. Ал мага "Алматыда Казакстандын күрөш федерациясынын кишилери менен жолугат элем" деп айткан. Дамирбек Асылбек уулу күрөш боюнча бир эле Кыргыз тараптын эмес, Казакстандын да намысын коргоп жүргөн жигит. Ал Казак спорту үчүн да жат эмес спортчу болчу", - деди Баатырбеков.

Фракция лидери бүгүн, 19-февралда Дамирбек Асылбек уулу менен жакын мамиледе болгон депутаттар менен чогулуп, ал тууралуу тактап сураганын да белгиледи.

Алматыда кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулу"Буга чейин эч нерсеге аралашпаган, тынч жүргөн депутат болчу. Бүгүн эртең менен депутаттар чогулуп жакын мамиледе жүргөн эл өкүлдөрү менен да сүйлөштүк. Алардан да сурадык. Баары эле "мындай ишке тиешеси жок, туугандары менен да сүйлөштүк" деп айткан депутаттар болду. Бул баарыбыз үчүн эле жагымсыз жаңылык болду. Азыр Казак тарап бул ишти жабык карап жатат. Эми бул жерде Казакстандын мыйзамдары иштейт да. Эгер алар бизге барып жолугуп келүүгө уруксат берсе, биз барып сүйлөшүп келүүгө даярбыз", - деди Баатырбеков.

Айта кетсек, 15-16-февраль күндөрү Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустарында атайын операция жүргүзүлүп, анын негизинде бир топ адам кармалган. Алардын арасында 3 Кыргыз жараны бар экени жана анын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экени белгилүү болгон. Кечээ, 18-февралда Алматы шаардык соту кармалгандардын баш коргоо чарасын карап, шектүүлөрдү эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
yasin11
2018-02-19 16:53:03
Эми андай иштерге аралашып жургон болсо жургом демек беле
+7
Arlenchik
2018-02-19 17:23:37
Аралашып жургон кундо да аралашкан эмесмин дейтда, жеп жутарлар тимеле бир бирин коргоп чыга келишет, ага окшогон депутаттардын кереги жок, ушу 120 баш XXXX санын азайтып санга эмес сапатына басым жазасак дурус болор эле.
+6
barsbegKG
2018-02-19 17:41:09
Arlenchik,туура айтасың жазаса эмес жаСаса болот. Кошумчалап кетейин өлкөнүн ақыбалына мышык ыйлайт мына ушундайлардын айынан!
+6
Lion.
2018-02-19 18:50:36
barsbegKG, ақыбалына эмес акыбалына болот!
0
moskoy
2018-02-19 20:58:15
Ууру тойгончо жеп олгончо карганат.
0
tilek121277
2018-02-19 22:59:38
тойгончо жеп өлгөнчө карганат дегениби анда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан