ЖАМК: "Абакта ачкачылык кармап жаткан оппозициячыл саясатчылар суу иче башташты"

Абакта ачкачылык кармап жаткан оппозиячыл саясатчылардын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Учурда абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыровдун абалдары жакшы эле. Алардын ден соолугун дарыгерлер кылдат көзөмөлдөп жатышат. Алар кургак ачкачылыкты токтотуп, баары суу иче башташты", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Оппозициячыл Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков 30-январдан тарта абакта кургак ачкачылык кармап жатат. Алар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевди кызмат ордунан кетип, мыйзамсыз аракеттери үчүн кылмыш иши козголсун деген талаптарды коюшкан.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Элдик парламенттин" мүчөлөрү боюнча чечим чыгарган. Ага ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров Кылмыш-жаза кодексинин 27 (кылмышка даярдануу) жана 295-беренелери (бийликти күчкө салып тартып алуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылышкан. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 24-мартынан тарта эсептелет.

Эрнест Карыбеков Кылмыш-жаза кодексинин 339 (кылмышты жаап-жашыруу) жана 292-берене (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилди. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 26-мартынан тарта эсептелет.

Ал эми Дастан Сарыгулов Кылмыш-жаза кодексинин 339-берене (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Анын үч жылына шарттуу өтөө жазасы белгиленген.

7-февралда райондук соттун чечимин Бишкек шаардык сот күчүндө калтырган.

2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Дарыгер
2018-02-20 16:46:52
Аягына чыга албагандан кийин баштабай эле коюшпаптыр да. Эл керегине жарабайсынар
+1
Yasmina87
2018-02-20 16:53:30
Ак уйдо отурганда кармаш керек эле ачкачылыкты
0
Targarien
2018-02-21 02:04:53
XXXX чыдабадыбы доканца
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан