Абактагы үч саясатчы ачкачылыкты токтотту

Абактагы саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров ачкачылыкты токтотушту. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

ЖАМКнын маалыматына ылайык, үч саясатчы тең ачкачылыкты кечээ, 21-февралда токтоткон. Ал эми Кубанычбек Кадыровдун жактоочусу Марс Кыдыкбаевдин айтымында, кечээ Кадыров менен Карыбеков гана ачкачылыкты токтоткон. Бектур Асанов болсо бүгүн токтоткону айтылды. "Саясатчылар дарыгерлердин сунушу менен ачкачылыкты токтотушту. Элдин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын суранычы дагы эске алынды. Депутаттык комиссиянын жыйынтыгы бүткөнчө ачкачылыкты убактылуу токтотушту", - дейт Кыдыкбаев.

Оппозициячыл Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков 30-январдан тарта абакта кургак ачкачылык кармап жатат. Алар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызмат ордунан кетип, мыйзамсыз аракеттери үчүн кылмыш иши козголсун деген талаптарды коюшкан.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Элдик парламенттин" мүчөлөрү боюнча чечим чыгарган. Ага ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров Кылмыш-жаза кодексинин 27 (кылмышка даярдануу) жана 295-беренелери (бийликти күчкө салып тартып алуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылышкан. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 24-мартынан тарта эсептелет.

Эрнест Карыбеков Кылмыш-жаза кодексинин 339 (кылмышты жаап-жашыруу) жана 292-берене (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилди. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 26-мартынан тарта эсептелет.

Ал эми Дастан Сарыгулов Кылмыш-жаза кодексинин 339-берене (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Анын үч жылына шарттуу өтөө жазасы белгиленген.

7-февралда райондук соттун чечимин Бишкек шаардык сот күчүндө калтырган.

2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Azatbek83
2018-02-22 15:11:32
сегизбаеВ кетеби эми?!
+1
Krai
2018-02-22 15:46:18
Акыбалын ошол экен го бектур
-3
gul3ina
2018-02-22 17:52:30
Кызыктай эле адамдар бар тамакты бироонун курсагына иче турушкансып
+3
Baku88
2018-02-22 19:31:44
Ай онбогурлар аай акыбалынарга карап иш кылбайсынарбы. Силер ачсынарбы токсунарбы эч кимге айырмасы жок.
+2
Elnura1997
2018-02-22 23:45:11
Ашказандары оло кол чаап жаткан кези экенда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан