Бишкек ЖЭБди оңдоодо уурулук фактысы аныкталып, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев кармалып, тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек ЖЭБди оңдоодо ири суммадагы уурулук фактылары аныкталган. Атайын кызмат 3-мартта билдирүү таратып, "Электр станциялары" ишканасынын айрым жетекчилери жасалма келишимдерди түзүү жолу менен компанияларга акча которгонун, бирок ЖЭБ оңдоп-түзөө жумуштарын өз күчү менен жүргүзгөнү аныкталганын билдирген. Уурдалган каражат 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктарга бөлүнгөн.
УКМК бул фактылар боюнча кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу, коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу, документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Белгилей кетсек, Бердибек Боркоев кызматынан ушул жылдын 6-февралында бошотулган. 19-февралда өкмөт үйүндө ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтеген өкмөттүк комиссиянын жыйынында кызматтан алынгандардын катарында Боркоевдин да аты аталган болчу.