Бүгүн, 3-апрелде Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталган мурдагы 8 аткаминердин иши боюнча соттук отурум өттү. Жарым сааттык кечигүү менен башталган сот отуруму 10 мүнөткө жетпей кайра башка күнгө жылдырылды.
Ишти карап жаткан судья соттук отурумга 2 жактоочу келбегенине байланыштуу сотту кийинки аптага жылдыруу чечимин кабыл алды. Отурумга келген жактоочулар буга нааразы болушту.
"Соттук отурум канчанчы жолу жылып жатат, бул нерсе атайын жасалып жаткандай туюлат" деди жактоочулардын бири.
Нурбек Токтакунов: "Сот отурумуна келбей калган жактоочуларга кат жөнөтүлдү беле? Менин билишимче, алардын кабары жок. Бул нерсе да кандайдыр бир шек жаратып жатат. Чоң зал сураганбыз, ал өтүнүч да канааттандырылган жок", - деди.
Буга судья: "Бул иш боюнча соттук отурум ар аптанын шаршемби күнү сайын өтөрү мурда эле айтылган. Отурумга келбей калган жактоочу Жумашев Чүй облустук сотунда башка иш боюнча отурумда экен. Сиздер жактоочуларга шарт түзүп бергиле деп өтүндүңөр, ал шарттар да түзүлүп берилди, эми туугандары да кирсин деп жатасыңар", - деди.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат", - деп жазылган.
Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.
Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.