ЖЭБ соту: Ольга Лаврова акыркы сөзүн айтып жатып ыйлап жиберди

Бүгүн, 6-декабрда Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу соттук отурум уланууда. Анда айыпталуучуларга акыркы сөз айтуу кезеги берилди. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова аны карьеризмге жана жеке кызыкчылыкка айыптап жатышканын айтып, "63 жашта каяктагы карьеризм?" деп сурады.

"Мамлекеттик айыптоочулар мени насыя боюнча келишимге кол койгон деп күнөөлөшүүдө. Бул документтер укуктук- нормативдик акты катары саналбашын тастыктаган Юстиция министрлигинен келген катты көрсөткөм. Бирок мамлекеттик айыптоочулар аны эске алган жок. Менин эмгек стажым 40 жылды түзөт. Анын 30 жылы жетекчилик кызматтарда өттү. Менин карьерам эчак эле түптөлгөн", - деп ыйлап жиберди Лаврова.

Мурдагы финансы министри эч качан бир кылмышка айыпталып, соттун алдында актанам деп ойлогон эместигин кошумчалады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Store
2019-12-06 17:48:43
Буларга эмне болгон, баары эле ыйлашка өтүптүр, же ооруп калуу модадан калып, жышымакка өттүңөрбү өлүмүштөр десе))))).
+8
zaman96
2019-12-06 17:52:37
Ыйлап адамдардын көңүл бурдургусу келип жатат булардын.
+8
Flowhive
2019-12-06 17:59:52
Мага деле бир миллион долларын бергилечи,эгер ыйласа кече турган болсоңор,мен боздоп ыйлап берем
+11
filis
2019-12-07 15:21:28
Бул чечим адилетсиз. Митайм Сооронбайдын оч алмай чечими чыкты. Жакында Сокени бийликтен кетирип озун дагы камаш керек. Соке недостойный. Кетсин.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан