Бишкек-Баткен каттамында кыймылдаткычы күйүп кеткен учак боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүгү (Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, Бишкек-Баткен аба каттамындагы жүргүнчү ташыган учактын кыймылдаткычы күйүп кетип, Чычкан капчыгайынан кайра артка кайтарылган. Ичинде 96 жүргүнчү болуп, оор жаракат алгандар болгон эмес.