Бүгүн, 13-мартта Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтеген депутаттык комиссия Калыс-Ордодогу "ТВЕА" Кытай компаниясынын жана Бишкек мэриясынын каражатына курулган мектептин абалы менен таанышуу үчүн барды.
Анда мектепти курган "Айкөл курулуш" компаниясынын жетекчиси Сейиткан Алиев курулушка жумшалган 7 миллион сом акчасын ала албай жатканын айтып, депутаттарга кайрылды. Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин узак текшерүүлөрүнөн улам Бишкек мэриясынан акчасын ала албай жатканын белгиледи.
"2017-жылы мектеп чала курулуп турган кезде келишим түздүк. Кытайлар бизге 759 миң доллар бергенде эле "жетпейт" деп айтканбыз. Кытайдан келе турган 2 миллион доллардын калган бөлүгү бизге чейин эле эки компания тарабынан жумшалыптыр. Бизге берилген 759 миң доллар курулушка жумшалгандан кийин имарат толук бүтпөй калды. Биринчи башталгандагы долбоор 660 окуучуга ылайыкташкан болсо, азыр 1 020 орун болду. Эки кабаты тең курулуп, пайдаланууга берилди. Кытайлыктар менен келишим түзүлгөндө эле "жетпегенин мэрия каржылайт" деп айтылган экен. Мэрия 104 миллион сом бөлүп берди, биз курулушту аяктап, керектүү документтерди, аткарылган иштердин кагаздарын Капиталдык курулуш башкармалыгына өткөрүп бергенбиз. Сентябрга мектепти бүтүрөрдө УКМКдан текшерүү келип, бизди "91 миллион сомду жеп койгон" деп күнөөлөдү. Текшерүү жүрүп жатканына байланыштуу 7 миллион сом акчабызды ала албай калдык. Компьютер жана башка жабдыктарыбызды сентябрда алып кетишкен", - деди Алиев.
Бул мектептин курулушуна кытайлык "TBEА" компаниясы 2 миллион доллар бөлүп берген. Бирок бул каражат мектепти курууга жетишсиз болгондуктан Бишкек мэриясы кошумча 104 миллион 395 миң сом бөлгөн.
Учурда №86-мектепте 2 220 окуучу окуйт. Ар бир класста 40тан окуучу бар.