"Парламент саясий өлүк" деп айтылган сөз боюнча спикер Дастанбек Жумабеков: "Сапар Исаковдун сөзү териштирилет"

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сапар Исаковдун парламент тууралуу айткан сөзү териштирилет. Бул тууралуу 20-апрелде Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков билдирди.

Жыйында депутат Каныбек Иманалиев Сапар Исаковдун теледен айткан сөзү тууралуу төрагага эскерткен.

"Сапар Исаков кечээ парламентте 120 өлүк отурат деп айтты. Кыргыз парламенти бүт дүйнө жүзүнө уят болду деди. Биз бир ай мурун ЖЭБ боюнча парламентке чакыралы десек сиз колдодуңуз эле. Ошондо Сапар Исаковду колдоп жатып бизге каяша айткансыз. Регламентке ылайык, парламенттин аброюн коргоого төрага милдеттүү. Чын эле 120 өлүк отурабы? Өлүк отурбаса парламенттин намысын кантип коргой аласыз? Кечирим суратасызбы же сотко бересизби? Бул биз үчүн маанилүү, ошондуктан саясий позицияңызды так айтып коюңуз", - деди Иманалиев.

Жумабеков "Сапар Исаковдун сөзүн мен да уктум, бул боюнча мыйзамдын чегинде териштирүү жүрөт" деди. Ал эми депутат Иманалиевдин убагында Сапар Исаковду колдогонсуз деген сынына спикер: "Убагында сиз колдогон маселелер да туура эмес болуп чыккан учурлар бар. Исаков кечээ эле айтты, анын сөзү боюнча тийиштүү иш-чаралар болот, күтө туруӊуз", - деген жооп узатты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан