Депутат Бишкек ЖЭБдеги авария тууралуу: "Премьер-министрдин башка иштери көп, Улуттук энергетикалык холдинг түздөн-түз караш керек эле"

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек Жылуулук электр борборунда болгон авария талкууланууда. Анын жүрүшүндө КСДП фракциясынан депутат Искендер Матраимов аймакта аба ырайы кескин суук болору алдын ала айтылганын билдирди.

Андан соң ал "Улуттук энергетикалык холдингдин" төрагасы Айбек Калиевге кайрылып аба ырайы кескин өзгөрөрүн билип туруп штаб түзсө болорун айтты. "Бул тармакты сиз түздөн-түз карайсыз. Премьер-министрдин башка иштери көп. Бирок ал жоопкерчиликти өзүнө алып, элден кечирим сурап жатат. Улуттук энергетикалык холдинг жооп бериш керек да. Бул мекеменин жетекчилиги отставкага кетиш керек", - деди Матраимов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azat.97
2018-01-31 12:40:16
Туура!
+2
Milashkaa
2018-01-31 13:04:22
Ооба жеген тигилер анан эмнеге Исаков жооп бериш керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан