Депутаттар ЖЭБдеги авария боюнча кылмыш иши туура эмес козголгонун айтып, анын жыйынтыгынан күмөн санашты

Жогорку Кеңештеги ЖЭБдин тегерегинде жаралган кырдаал боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия бүгүн, 16-февралда жыйын өткөрдү. Жыйынга депутаттар тийиштүү тармактын өкүлдөрү катышты. Анда депутат Исхак Масалиев бул авария боюнча иш козгогон Башкы прокуратуранын өкүлүнө кайрылып, алардын ыйгарым укуктарын сурады.

"Силердин кылмыш ишин козгогонго укугуңар барбы, Конституциянын силерге тиешелүү бөлүгү качан күчүнө кирген?" - деп суроо салды Масалиев. Ага башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев жооп берди.

"2017-жылдын июнь айында болушу керек. Ага ылайык, биздин баш мыйзам боюнча укугубуздан пайдаланып, мыйзам чегинде кылмыш ишин козгоп, аны УКМКга өткөрдүк", - деди Дүйшембиев.

Масалиев Дүйшембиевдин жообуна канааттанган жок. Депутат ушул жагдай соттук териштирүүдө маселе жаратышы мүмкүндүгүн айтты.Депутат Исхак Масалиев

"Жаңы конституция менен бекитилген атайын тизме боюнча силердин иш козгогонго укугуңар бар. Калган иш боюнча укугуңар жок. Кандай түшүнбөйсүңөр? Мен депутат катары жакшы түшүнөм. Азыр силерден эч ким коркпойт. Мен эмне үчүн сурап жатам? Келечекте ушул иш сотко барганда ушул жагдай таасир бериши мүмкүн деген коркунуч бар", - деди Масалиев.

Депутат УКМКнын өкүлүнө кайрылып, "ТВЕА" компаниясынан бардык документтер алынганын, депутаттык комиссияга анын көчүрмөсүн берүүнү сурады.

Ушундай эле кооптонуу депутат Мыктыбек Абдылдаевди да тынчсыздандырып жатканын айтты. Ал УКМКнын өкүлүнө кайрылып, ишти кайсы жагдайда териштирип жатканына кызыкты.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев "Шалаакылык" деп иш козголду. Кайсы кызмат адамдарын силер "шалаакылык" деп тергейсиңер? Ал жерде жөнөкөй кызматкерлер күнөөлүү болуп жатпайбы? Кимди жоопко тартасыңар?" - деди депутат.

УКМКнын өкүлү Таалайбек Кадыркулов бул берене боюнча териштирүү жүргүзүлүп жатканын билдирди.

"Азыр айтуу бир аз кыйын. Анткени ошол учурда кызматта болгон бардык адамдар суралып жатат. Азыр териштирүү башталды. Азырынча ЖЭБдин мурдагы директорун, башкы инженерин, анын орун басарын сурап жатабыз.", - деди Кадыркулов.

Мыктыбек Абдылдаев катардагы кызматкерлер жетекчи болбогондуктан "шалаакылык" беренеси менен тергөө туура эместигин айтты.

"Булар кызмат адамына кирбейт. УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары болсоңуз, ушулбу билимиңер? Прокурорлорго "кимди сурайбыз, алар бул категорияга кирбейт" деп айтпайсыңарбы?! Силер азыр чындап келгенде Улуттук энергохолдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиевди да сурай албайсыңар. Бул чарба иштеринин жетекчиси. Эгер өкмөттүн мүчөлөрүн сурасаңар бул башка маселе болчу. Силер биринчи кезекте өкмөттү сурагыла", - деди Абдылдаев.

Депутат ЖЭБге жумшалган 386 миллион доллардын негизинде түзүлгөн келишим өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбей турганын айтып, буга укук коргоо органдарын көңүл бурууга чакырды.

Депутаттык комиссиянын кийинки отуруму 20-февраль күнү улана турган болду.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.

Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан - Исхак Масалиев;

КСДП фракциясынан - Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев;

"Бир Бол" фракциясынан - Мыктыбек Абдылдаев;

"Ата Мекен" фракциясынан - Сайдулла Нышанов;

"Республика-Ата Журт" фракциясынан - Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;

"Кыргызстан" фракциясынан - Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Дарыгер
2018-02-16 20:18:29
Эл журт Баткендин газды Тажикстандан коркуп ала албай отура беребиз. Премерибиз не дейт коркок го. Согуш чыгып кетпесин дейт. Кыргыздар ар Бир метр жер учун согушуп келдик эле. Эми эмне кунго калдык ...
0
muslim87
2018-02-16 20:19:48
Бул иштеда чабактар кармалып киттер бош калат комиссияга А Салиянова, А Шыкмаматов, Ж Акаев, Момбековдорду мүчө кылыш керек болчу.
0
Abdyrawit
2018-02-16 20:40:53
Комиссияга Масалиевдин киргени жакшы болуптур... Жанар Акаевди да кошуп койсо жакшы болмок... ЖК-да партага башын салбай сүйлөгөн ушул экөөсү эле калды....мен башта эле айтканмын, насос анан кышка даярдык жакшы эмес деген анекдотторду токтотуп, окуянын негизги өзөгүнө түшкүлө деп. Авария эмнеден болгон? Жабдыктары толук алмашкан эмес.. Бирөөсү да ушуну айткысы келбейт. Баш прокурор сайттар менен соттошо бербей, ушундай маанилүү ишке көңүл бурса жакшы болмок.
0
Azatbek83
2018-02-16 21:16:18
Кысказы булар жетекчилерди жазадан бошотуп кызматкерлеге айыпты койуп койушат!Себеби жетекчилерин соттошсо алар айтышат ушул чиновниктер акчаны жеп койуп эмне мени куноолуу кылып жатасынар? Болду жетишет жединерби кузгула мен оз жегеними гана мойнума алам кобун озунор мойнунарга алгыла болбосом коомго айтам дешет!
+2
jbolotov
2018-02-17 09:53:52
Эмне учун Коррупция особо крупного размера, мамлекетке ото чон суммада зыян келтирилген, мамлекеттин коопсуздугуна доо кетирген, чыккынчылык статьялары менен иш козголбой Шалаакылык беренеси менен козголгон? Прокуратура эми эле сатылып кеткенби? Анда эмки чондорда миллиардтап жеп, билинип калса шалаакылык деп 5мин сом берип кутулуп кеткиле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан