Касымалиева: "Кытайдан ЖЭБге, мектеп курууга коротулган каражат эмнеге кымбат деген суроо жоопсуз калууда"

"Кытайдан ЖЭБге, мектеп курууга коротулган каражат эмнеге кымбат деген суроо жоопсуз калууда", - деди бүгүн, 13-мартта депутат Аида Касымалиева Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу менен таанышуу учурунда.

Эл өкүлү келишимдин шарттарына ылайык, Бишкек ЖЭБди модернизациялоого, мектепке коротулган акча тууралуу маалымат алууга мүмкүн болбой жатканын айтты.

"Камералардын, мектептин курулушунун баасы эмнеге кымбат?" деген суроолорго жооп жок. Кытай тарап өзү акчаны берет, жалдануучуларды өзү тандайт, техникалык көзөмөлдү да өзү жүргүзөт. Көзөмөл үчүн алар өздөрүнө 12 миң доллар бөлдүрүп алган. Ал эми Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгы "биз тараптан да техникалык көзөмөл жүргүзүлдү, адамдарга айлык төлөндү, бизден да акча кетти" деп атпайбы. Бирок Кытай тарап эч кандай маалымат бербей жатат. Анткени келишим ошондой түзүлүп калган. "Эмнеге кымбат?" деп сурасаң эле Кыргыздар колун жайып, "келишим боюнча Кытай тарап баарын өзү тандайт, сатып алат, жол акысын кошуп эсептеп, өзү алып келген деп жатат", - деди Касымалиева.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
asankulov12
2018-03-13 21:19:28
Биздин мамлекетте жешмейинче эч нерсе жасалбай калыптыр. Уят дегенди билбеген адамдар гана калса керек.
+2
korea
2018-03-13 22:58:07
Аида сени калыс, чынчыл Адам экен деп журсо сен да башынан сасыптырсын. Эмнеге алган карыз акчаны биз озубуз каалагандай иштете албайбыз. Кытайлар бизнес Аня жон Берген жокта.Убагы келгем толоп беребиз.Бекер берсин Анда озулорунун условиясын койсо болот эле.Кийин биз проценти менен толоп атпайлыбы.Жегендер деп тологон карапайым эл... Элди алдагандында чеги болот ...!!!!!¡
-2
century
2018-03-14 01:41:16
Кытайлар карызды өздөрү берип анан ал карыздын көбүн өздөрү иштетсе, анан ал карызды эл төлөсө, хаха го 2 млрд кытай 6 млн Кыргызды чооң киши жаш баланы алдагандай алдайт экен го анда, дүжүрлөр ай дүжүрлөр ушуну кантип ойлонушпайт дейм да(супер биздин комментарий лерди ким окуйт же жазылган бойдон калып кете береби)
+1
fantomas
2018-03-14 06:40:54
Эмнеге Кытай отчет бербейт?!! Эмне, биз Кытайда жашап жатабызбы?!! Келишим ошондой болуп тузулуп калган дешет уялбай!!! Ошол келишимди тузгондор, кол койгондор бут камалышы керек!!!

Ортодо 150 миллиондон ашуун акча жок бир мектептин озунон... Ошол акчаны мэрия оз чонтогунон куссун!!! Ошол келишимге кол койгондор, ошол кытайлар менен кызматташкандар камалсын чекеден...

Кытайлар полный отчет берсин, болбосо бир кытай калбай баары Кыргызстандан чыгып кетишсин!!!
0
Bolotbek1991
2018-03-14 07:12:15
Эхх окмот министрлер ушунча создон ушунча айыбынар ачылгандан кийин кетип эле калбай эмне отурасынар бири биринерге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан