Кар көчкүдөн улам Бишкек-Ош жолунда тыгында турган унаалар 200дөн ашты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Сосновка" постунда 92 жүк ташуучу унаа, "Арал" постунда 55 жеңил жана 18 жүк ташуучу унаа тыгында турат. Ал эми Өтмөк ашуусунда 100 жүк ташуучу жана 30 жеңил унаа топтолду. Кар көчкүнү тазалоо иштерине 41 куткаруучу жана 5 атайын техника тартылган.
"Сосновка" менен "Арал" постторунда жана Өтмөк ашуусунда атайын чатырлар орнотулган, айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө ысык тамак жана чай берилүүдө. "Сосновка" постунда 150 адам ысык тамак менен камсыз болду", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Чычкан капчыгайында түшкөн кар көчкүнүн жанында туруп калган унаалардын жүргүнчүлөрү көчкүнүн үстүнөн алып өтүлүп жатканы маалым болгон. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлиги кар көчкү түшкөн жерде дарыгерлер күзөтүп жатышканын билдирген.