Футбол боюнча улуттук курамдын оюнчусу Виктор Майер жаракат алганына байланыштуу Мьянма жана Индия менен болчу беттеште оюн талаасына чыга албайт

Футбол боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курамынын оюнчусу Виктор Майер жаракат алды. Эми ал бир нече ай футбол талаасына чыга албайт. Бул тууралуу Виктор Майер ойногон Германиянын "Виденбрюк" футболдук клубу өзүнүн сайтына жарыялады.

Маалыматка ылайык, Виктор Майер өткөн жумада жаракат алган. Анын кайра калыптануусуна бир нече ай кетет.

Эске салсак, март айында Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз курамасы Мьянма жана Индия өлкөлөрүнүн курамалары менен беттештерди өткөрмөк. Ага чакырылган футболчулардын арасында коргоочу Виктор Майер да бар болчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
murat17
2018-03-07 20:01:33
Майер жакшы ойнойт эле
0
TalaCSKA
2018-03-07 21:10:13
Майер жок оор эле болот.Кичин да жок. эки мыкты крайний защитник жок кандай болот экен.
0
jalgyzymsyn
2018-03-07 23:37:26
Мьянма ушул созду уккум жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан