Түштүк Корея курамасынын машыктыруучусу: "Кыргыз курамасын утуп, Азия Кубогунун жарым чейрек финалына чыгабыз"
"Кыргыз курамасын утуп, Азия Кубогунун жарым чейрек финалына чыгабыз". Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Түштүк Корея курама командасынын башкы машыктыруучусу Паулу Бенту Кыргыз-Түштүк Корея беттешинин алдындагы маалымат жыйында айтты.
"Мен Кыргыз курама командасы көбүрөөк коргонууда ойноп, топко биз ээлик кылабыз деп ойлойм. Эртеңки беттеш оор боло турганын билебиз. Кыргыз курамасы жакшы коргонуп, контр чабуулдар менен ойноорун билебиз. Биз чабуулдарды жасап, болгон күчүбүздү жумшайбыз", - деп айтты Бенту.
Белгилүү болгондой, Кыргыз курама командасы эртең, 11-январда Түштүк Кореяга каршы "Хазза Бин Зайед" стадионунда беттешет. Буга чейин журналисттердин суроолоруна башкы машыктыруучу Александр Крестинин менен оюнчу Тамирлан Козубаев маалымат жыйында жооп берген.