Бүгүн, 24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Ч.Айтматов атындагы Эмен багында ишембиликке катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго кайрылып, шаарда бак-дарактардын кыйылып жатышынын себептерин шаар тургундарына алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
"Ар кандай сөздөр чыгышына жол бербөө үчүн элге туура маалымат жеткирип тургула. Борбор калааны жашылдандыруу боюнча пландуу жумушту улантуу зарыл. Бишкек өзүнүн жашыл келбетин сактап калышы керек", - деди Сооронбай Жээнбеков.
Шаар мэри Албек Ибраимов бак-дарактарды кыюу аргасыз чаралар экенин айтып, бирок ар бир кыйылган бактын ордуна өткөн жылы 7ден көчөт, быйылкы жылы 15тен көчөт отургузулганын билдирди.
"Жалпысынан өткөн жылы 7 миң, бул жылы 15 миң көчөт отургузулду. Бардыгы болуп балансыбызда 248 миң бак-дарактар бар, алар каттоодон өткөрүлүп, ар биринин паспорту бар", - деп маалымдады мэр.