Бүгүн Бишкекте футбол боюнча Кыргыз улуттук курама команда Азия Кубогунун алкагында Индия курамасын кабыл алат

Бүгүн, 27-мартта Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз-Индия беттеши орун алат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталмакчы. Бул беттеште Кыргыз курамасы ак түстөгү формачан ойносо, Индия курамасы көк түстөгү форма менен ойнойт.

Азыркы тапта "А" тайпасында Кыргыз курама командасы 5 оюндун жыйынтыгында 10 упай менен 2-орунда жайгашса, Индия курамасы 13 упай менен 1-орунда жайгашууда. Мьянма 5 упай менен 3-орунда орун алса, 4-орунда упайсыз Макао жайгашкан. Кыргыз курамасына тайпадан 1-орунга көтөрүлүш үчүн Индия курамасын 2 гол айырмачылык менен утуш керек.

Айта кетсек, Кыргыз жана Индия курамалары тандап алуу оюндарынын 2-турунун алкагында Индиянын Бенгалор шаарында кез келишкен. Анда оюндун жыйынтыгында Индия курамасы 1:0 эсеби менен жеңишке жеткен.

Кыргыз жана Индия курамалары 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган Азия Кубогуна жолдомолорду камсыздай алышкан. Кыргыз курамасы жолдомону 5-турда Мьянма курамасын 5:1 эсебинде жеңип камсыздаса, Индия курамасы 4-турда Мьянма курамасы менен 2:2 эсебинде беттешип, 13 упай менен жолдомого ээ болгон.

Кечээ, 26-мартта Кыргыз-Индия беттешинин алдындагы маалымат жыйында Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин беттешке даяр экенин билдирип Кыргыз курамасы толук күчү менен ойной турганын айтса, Индия курамасынын башкы машыктыруучусу Стефан Константин беттештен жеңиш үчүн болгон аракеттерин көрүп жатышканын айткан.

Ошондой эле кечээ күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз жана Индия курамалары жаанга карабай машыгууларды өткөрдү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Isco23
2018-03-27 08:45:48
Ак Шумкар алга
+7
Talaschanka
2018-03-27 08:54:29
Ийгилик!!!
+5
Edward.14
2018-03-27 09:02:51
Алга Кыргызстан!Алга Ак Шумкарлар!
+5
Alinur
2018-03-27 09:21:27
Мьянма менен ойногондой оюун коргозушсун, жениш жана ийгилик!
+5
KgKerim
2018-03-27 09:23:28
Женишти кутобуз силерден Кыргызымдын жигиттери алга Кыргыз алга!!!
+6
tina-Tin
2018-03-27 09:52:23
Алга Кыргызстан!!!
+3
Azat.97
2018-03-27 10:59:01
Барабыз буюрса
+2
aerforce
2018-03-27 11:11:44
Жеңгиле ийгилик күтөбүз жаанда кандай болор болду экен?
+2
love.me.again
2018-03-27 12:37:13
Биздин балдар алсызыраак . Индия женбесе мага келгиле....
-5
Jelezo
2018-03-27 15:31:58
love.me.again,кыргызга жээн окшосун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан