Футбол боюнча Кыргыз-Индия беттешин арабиялык калыстар тейлейт

Бүгүн, 27-мартта Азия Кубогунун тандап алуу оюнунун алкагында өтө турган Кыргыз-Индия беттешин Бириккен Араб Эмираттарынын калыстары тейлейт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.

Аталган беттештин башкы калысы Алжнеиби Аммарали Абдулла болот. Анын жардамчылары катары Альрашди Ахмед Саид Манкамал жана Зайед Давуд Салман болушмакчы. Ал эми резервдеги рефери кызматын Камал Альхаммади Юсуф Хасан аркалайт.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Индия беттеши Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча 20:00дө башталат.

Айта кетсек, Кыргыз жана Индия курамалары тандап алуу оюндарынын 2-турунун алкагында Индиянын Бенгалор шаарында кез келишкен. Анда оюндун жыйынтыгында Индия курамасы 1:0 эсеби менен жеңишке жеткен.

Кыргыз жана Индия курамалары 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган Азия Кубогуна жолдомолорду камсыздай алышкан. Кыргыз курамасы жолдомону 5-турда Мьянма курамасын 5:1 эсебинде жеңип камсыздаса, Индия курамасы 4-турда Мьянма курамасы менен 2:2 эсебинде беттешип, 13 упай менен жолдомого ээ болгон.

Кечээ, 26-мартта Кыргыз-Индия беттешинин алдындагы маалымат жыйында Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин беттешке даяр экенин билдирип, Кыргыз курамасы толук күчү менен ойной турганын айтса, Индия курамасынын башкы машыктыруучусу Стефан Константин беттештен жеңиш үчүн болгон аракеттерин көрүп жатышканын айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
TalaCSKA
2018-03-27 11:17:42
Только разгром кутобуз жигиттер !!!
+7
Rasul94
2018-03-27 11:22:39
калыстардын аттарына тил сынат го
-6
pusur
2018-03-27 11:40:14
Rasul94, биздин тил сынбай элего, аттары жагымдуу экен.
+3
iskak86
2018-03-27 11:47:01
pusur,жагымдуу болсо атыны өзгөртүп ошондой койуп ал арабдарга окшоп
-9
pusur
2018-03-27 12:01:40
iskak86, сенин атын арабтардын аты, Расул дегенда арабча. Сен атынды кыргызча деп ойлоп жатасынбы?
+7
Rasul94
2018-03-27 11:26:53
Кыргызстан футболчуларына ийгилик
-1
Jango
2018-03-27 11:27:32
Министирлер депутаттар жана чиниовниктер баарынар футболго баргыла улуттук команданы колдоп
+1
manaas
2018-03-27 11:49:08
Уктап калбай жакшы ойногула, чарчадим деп отуруп албай. Уктунарбы.
+7
love.me.again
2018-03-27 12:30:53
Индия женет бул оюнда. Кудайым буйруса. Арабиялыктарды коюп туура кылган калыстарга а то башкача болсода. Индия Алгала ✓
-15
nurgaz
2018-03-27 12:37:40
love.me.again, биздикилер женилип калса, ХХХХХХХХХХХХХ
+2
love.me.again
2018-03-27 12:39:08
nurgaz,жок согуштун кереги жок тууган)) болгону кыргыз балдардын футболго дене бою алсызыраак .
-7
ali96
2018-03-27 12:50:13
love.me.again, мед.де окуган индустардан эмессинби
-2
Dalil
2018-03-27 13:17:54
love.me.again, ХХХХХХхх Сенин ордуңа мен болсом жеңилишине көзүм жетсе да кыргыз курамасын колдомокмун. А бирок мунусунда кыргыз курамасы жеңет. Себеби Индия, Мьянма менен тең ойноду.
-1
Asman...
2018-03-27 15:17:54
love.me.again, суперстандагы журок сырына индусту суйуп калдым деген сен белен? Суйуп олуп баратсанда оз улутунду унутпа демекчимин. Канында кыргыздын каны агып жатканын!!!
+3
Han1111
2018-03-27 19:26:13
love.me.again,өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман! ХХХХХХХХ
0
umar.kgz
2018-03-27 17:55:01
Буйурса 3:0 мн кыргызстан (ак шумкар) жеңет!!алга кыргызстан,алага!!!
0
Rasul94
2018-03-27 18:02:10
Кыргызстан жон эле женет.биздин стадиондо башкалар ойной албайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан