Футбол боюнча Кыргыз курамасынын коргоочусу Виктор Майер жаракатына байланыштуу Азия Кубогуна катыша албайт

Футбол боюнча Кыргыз курамасынын коргоочусу Виктор Майер жаракатына байланыштуу Азия Кубогуна катыша албайт. Бул тууралуу футбол федерациясы кабарлады.

Белгилүү болгондой, мелдешке катышуучу 23 футболчунун катарына кирген Майердин ордуна "Дордой" клубунун оюнчусу Павел Сидоренко курама командага кошулду.

Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин айтымында, Майер алган жаракатынан толук айыга алган эмес.

"Машыктыруучулар штабы Майер Азия Кубогуна катышууга толук даяр болот деп үмүттөнгөн. Бирок калыбына келүү үчүн биз ойлогондон көбүрөөк убакыт керек болду. Мындай учурда биз футболчунун ден соолугун тобокелге сала албайбыз жана өзүбүз тараптан колдоо көрсөтөбүз. Анын күз айларында башталуучу Дүйнө чемпиондугунун тандоо туруна катышарын күтүп жатабыз", - деди Крестинин.

Футбол федерациясынын маалыматына ылайык, Азия Кубогунун регламенти боюнча мелдештин башталарына 6 саат калганга чейин жаракат алган футболчуларды алмаштырууга мүмкүн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2019-01-04 14:45:42
Жакшы ийгилик жарата кор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан