Бүгүн, 13-июнда Индиянын Бенгалор шаарында жергиликтүү курама команда Кыргыз футболчулары менен кез келет. Аталган оюн Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын 2-турдук оюну.
Белгилей кетсек, Кыргыз футболчулары “А” тайпасында Индия, Макао жана Мьянма өлкөлөрүнүн футболчулары менен Азия Кубогунун финалдык баскычына чыгуу үчүн күч сынашат. 1-турдук оюнда мекендештерибиз Макаону 1:0 эсебинде жеңсе, Индия конокто Мьянманы 1:0 эсебинде жеңген. Учурда эки команданын карамагында 3төн упай бар.
Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да старт алат.