Футбол боюнча улуттук кураманын капитаны Азамат Байматов ЦСКА клубунун жарым коргоочусу Ильзат Ахметовго кайрылуу жасады. Ал өз кайрылуусун социалдык тармактардын бирине жарыялап, Ахметовду Кыргыз курама командасынын катарында ойноого чакырган.
Байматов ЦСКАнын оюнчусун Орусияда мыкты футболчу боло алгандыгын белгилеп, кыргыз футболунда жаңы тарых баракчасы жазылып жатканын жана мындай учурду Ахметов менен кошо белгилеп, аны менен оюн талаасында чогуу оюн көрсөткүсү келерин айткан.
Азамат Байматовдун Ильзат Ахметовго кайрылуусу:
Бүгүн биздин футбол үчүн, өлкөбүз үчүн абдан маанилүү күн. Бүгүн тарых жазылган күн. Мен өз өлкөмдүн патриоту болгонум үчүн бүгүн оюн талаасынын аркы тарабында отуруп аябай сыймыктандым. Биринчи жолу күйөрмандардын арасында болдум. Алар берилген, чыныгы күйөрмандар. Көпчүлүгү жумушун таштап бизди колдогону келишти. Көпчүлүгү атайын кыргыз жеринен учуп келип командабызды колдошту. Аларга баш ийип таазим кылам. Тилекке каршы, мен Азия Кубогуна катыша алган жокмун. Бардык ишке ашпай калган кыялдар жакшылыкка алып келиши мүмкүн. Баары жараткандын колунда.
Учурдан пайдаланып, Ильзат Ахметовго кайрылып кетким келет. Ильзат, тилекке каршы, биз экөөбүз тааныш эмеспиз. Бирок ойногонуң, жетишкендиктериң баарына, анын ичинде бизге дагы үлгү боло алат. Сенин Орусия курама командасынын катарындагы дебюттук оюнуң жаракат алганыңа байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылды. А сен жакшылап ойлонуп көр. Кыргыз өлкөсүндө баары сени баалашат. Сен Орусияда өзүңдү жакшы көрсөтө алдың. Орус жергесинде сен легионер катары саналбайсың.
Биз оюн талаасына сени менен бирге чыгууну каалайбыз. Балким, биз Дүйнө чемпиондугунда ойноп каларбыз. Эмнеге болбосун? Биз татыктуу оюн көргөзүп, Азиянын күчтүү клубдарын жеңе алдык. Жакындарың менен кеңеш. Жүрөгүңдү ук. Менде дагы бир учурда ушундай абал болгон. Мен Латвиянын, Казакстандын жарандыгын алып калышым мүмкүн эле. Бирок мен Кыргыз өлкөсүн эл аралык аренада татыктуу көрсөткүм келет. Бул чечимим үчүн мен таптакыр өкүнбөйм", - дейт Байматов.
Бул тууралуу футболчу Азамат Байматовго кайрылганыбызда ал Ахметов тарабынан азырынча эч кандай жооп боло электигин жана ЦСКАнын футболчусу жакшылап ойлонуп көрүп, туура чечим кабыл алат деген үмүттө экенин SUPER.KG порталына билдирди.
Ильзат Ахметов 1997-жылы Бишкек шаарында туулган. Алгач бишкектик "Алга" футболдук клубунда ойноп келген. 11 жашында үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп барып, Юрий Коноплёвдун футбол академиясында тарбияланып баштаган. Андан соң Ильзат Ахметов "Рубин" футболдук клубу менен келишим түзүп, 16 жашында "Рубинде" дебют жасаган. 2018-жылы ЦСКА клубуна келген. Азыркы учурда ЦСКА клубунун негизги оюнчусуна айланып, Чемпиондор Лигасында дагы беттештерге катышканга жетишти.
Ахметов бул жылы Орусия футболдук союзу тарабынан "2018-жылдын эң мыкты жаш оюнчусу" деп табылып, "Биринчи бештик" сыйлыгына ээ болду. Ошондой эле ал УЕФА тарабынан тандалган өткөн жылдагы эң мыкты 50 жаш футболчунун катарына кирди.