Кыргыз-Түштүк Корея беттешинде "Тоттенхэм" футболдук клубунун оюнчусу Сон Хын Миндин ойнобой турганы өкүндүрөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Түштүк Корея менен оюндун алдындагы маалымат жыйынында айтты.
Жыйында Крестинин ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди:
Кыргыз-Түштүк Корея беттешинде курамыбыздын катарында алмашуулар орун алабы?
- Албетте, алмашуулар орун алат, анткени Түштүк Корея менен Кытай курамалары башкача деңгээлде ойношот. Ошондуктан курамда дагы, оюндун тактикасында дагы алмашуулар орун алат.
Кыргыз-Түштүк Корея беттешинде Түштүк Корея курамасынын жылдызы Сон-Хын Миндин ойнобой турганы белгилүү болду. Биздин курам үчүн бул жакшыбы же жаманбы?
- Албетте, биз Түштүк Корея курамасынын лидери Сон Хын Миндин деңгээлин билебиз. Ал курамда болгондо ар бир командага оор болот. Бирок Корея курамында андан башка тажрыйбалуу оюнчулар дагы бар. Хын Минди алмаштыра турган оюнчулар көп. Ал жок болгону менен биз үчүн оюн оңой болбойт. Бир четинен анын оюнга катышпаганы бизди өкүндүрөт. Мындай ири мелдештерде мыкты футболчуларга каршы ойногуң келет. Ушундай тажрыйбалуу командалар менен ойноп, биздин деңгээлибиз өсөт.
Дарбазачы Павел Матяш кийинки беттешке чыгабы?
- Албетте, дарбазачынын катачылыгы оюндун жыйынтыгына таасирин тийгизди. Бирок ар бир дарбазачы катачылык кетирет, мындай каталар мындан дагы ири мелдештерде кетет. Биз учурда оюнчуну сындабай, ага колдоо көрсөтүшүбүз керек.
Ошондой эле бул маалымат жыйынга катышкан улуттук кураманын коргоочусу Тамирлан Козубаев журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Кыргыз-Кытай беттешинен кийин ЖМКдагы жана социалдык тармактагы жаңылыктарды окуп жатасыңарбы?
- Жок. Биз эч жактан маалымат албай элебиз.
Азия Кубогунун алкагында биринчи беттеште жеңилип калдык. Учурда командадагы атмосфера жана оюнчулардын абалы кандай?
- Командадагы атмосфера жакшы. Дагы 2 оюн бар. Азырынча тайпалык баскычтан чыгууга мүмкүнчүлүк бар, бардыгы бизден көз каранды.