Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы ФИФАнын рейтингинде 91-орунду сактап калды

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы ФИФАнын рейтингинде 91-орунду сактап калды. Бул тууралуу футбол федерациясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ФИФАнын жаңыланган рейтингинде Кыргыз курамасы 211 команданын ичинен 91-орунду ээледи.

Улуттук кураманын Азия кубогундагы тайпалык оюндардагы атаандаштары төмөнкүдөй орундарга ээ болушту:

Кытай 76-орунда жайгашып мурдагыдан бир тепкич ылдыйлаган, Түштүк Кореянын курамасы 53-орунду ээлеп, мурунку эле позициясында калган. Филиппин курамасы 116-орунду ээлеп, мурунку рейтингден 2 тепкичке төмөндөдү.

Рейтингде алдыңкы 10 орунда төмөнкү командалар жайгашкан:

  • 1-орун: Бельгия
  • 2-орун: Франция
  • 3-орун: Бразилия
  • 4-орун: Хорватия
  • 5-орун: Англия
  • 6-орун: Португалия
  • 7-орун: Уругвай
  • 8-орун: Швейцария
  • 9-орун: Испания
  • 10-орун: Дания.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mirbek2211
2018-12-20 17:19:38
211 мамлекеттин арасынан 91-орун жакшы эле корсоткучко,азаматтар дагы да алга карай аракет кылгыла.
+3
keba300989
2018-12-20 17:20:42
Биздин командага Кытай менен Филипин командаларын утканга мүмкүнчүлүк бар окшойт.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан