Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын ноябрь айына карата жаңыланган рейтингинде 209 мамлекеттин ичинен 153-орунду ээледи. ФИФАнын расмий сайты кабарлагандай, өткөн айдагы рейтингде Кыргызстан 150-орунда жайгашкан эле.
Дүйнөлүк рейтингде алдынкы 3-орунду Германия, Аргентина жана Колумбия курамалары ээлеп келишүүдө. Азиянын футбол конфедерациясынын алдындагы 46 мамлекеттин ичинен Кыргызстан 27-орунду ээлеп турат. Алдынкы үчтүктө Япония, Иран жана Түштүк Корея бар.