Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" ресторанында болгон үлпөт тойдон кийин 30 адам тамакка ууланып ооруканага түштү.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда тамакка ууланып түшкөн 38 адам дарыланууда, алардын жетөө балдар.
"Уулангандардын абалдары орточо, бирок туруктуу десек болот. Алдын ала маалыматтар боюнча үлпөт тойго өлкөнүн ар тарабынан коноктор келген, жалпы саны 190го чукул болгон. Ууланган адамдар жана ресторандагы тамактар текшерилди. Конокторго берилген тамактар лабораторияга жөнөтүлдү. Натыйжасы 3 күндүн ичинде билинет", - деп билдиришти министрликтен.