2026-жылдын 23-апрелинде Москва шаарында "Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы" аттуу эл аралык коомдук-ишкердик форум өттү. Ал "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюмунун эки жылдыгына арналды.
Иш-чара "Россия" Улуттук борборунда өткөрүлүп, 800дөн ашык катышуучуну чогултту. Алардын арасында мамлекеттик ишмерлер, бизнес өкүлдөрү, билим берүү, маданият, медиа жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү болду. Катышуучулардын көпчүлүгүн Абхазия, Армения, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, ошондой эле Африка континентиндеги өлкөлөрдөн келген коноктор толуктады.
Форумдун салтанаттуу ачылышына Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков катышты.
"Евразиялык процесс — бул мамлекеттик деңгээлинде жасалып жаткан аракеттерге абдан сапаттуу жана мазмундуу жардам болуп саналат. Бул аракеттер евразиялык мейкиндикти өнүктүрүүгө, анда бирдиктүү гуманитардык стандарттарды бекемдөөгө багытталган. Бул — ар түрдүү элдер жана улуттар жашаган мейкиндик, бирок алар билим берүү процесстерине, маданиятка жана өз жашоосунун гуманитардык аспекттерине өтө аяр мамиле кылууга умтулушат", - деди Песков.
Форумдун негизги бөлүгү "Жакшы кошуналыктын архитектурасы: көп полярдуу дүйнөгө евразиялык жол" аталышындагы пленардык жыйыны болду. Анда негизги көңүл региондогу өлкөлөр ортосундагы туруктуу байланыш системасын түзүүгө бурулду. Бул система өз ара ишенимге жана жалпы кызыкчылыктарга негизделиши керек экени белгиленди.
Евразиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө бизнестин ролу тууралуу "Банк ПСБ" ачык акционердик коомунун төрагасы, "Евразия" уюумунун камкорчулар кеңешинин мүчөсү Пётр Фрадков айтып берди.
"Бизди бөлүп-жарууга жана ортобузга бүлүк салуу аракети болуп жатканда “Евразия” уюму бирдиктүү долбоорлорду баштап, биз биринчи кезекте жакшы кошуналар жана достор экенибизди эске салат. Бирок мындай долбоорлор өз алдынча өнүгө албайт. Аларга биргеликте колдоо көрсөтүшүбүз керек. Бул жерде бизнестин өзгөчө ролу бар. Компаниялар четте турбашы керек — дал бизнес гуманитардык демилгелер үчүн туруктуу негиз түзө алат. Бул биздин келечегибизге кошкон салым болот", - деди Фрадков.
Форумда өзгөчө көңүл чет өлкөлөрдө орус тилин жайылтуу темасына бурулду. "Евразия" уюумунун төрайымы, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Алёна Аршинова бул арада Нарын шаарында ачылган Орус тили жана маданият борборун белгиледи.
"Евразиянын” борборлору — бул жаштардын, мугалимдердин жана балдардын өнүгүүсү үчүн мейкиндиктер. Орус тили Евразияда элдер аралык байланыштын тили болуп саналат. Ал адамдарды бириктирет, билим алууга, заманбап кесиптик чөйрөгө жана эл аралык долбоорлорго жол ачат. Мындай борборлор зарыл жана ошондуктан алар континенттин ар кайсы аймактарында жарандар үчүн жеткиликтүү болушу керек", - деди Аршинова.
Кыргызстандын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Орусиянын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков менен жүргүзүлгөн иштин аркасында Кыргызстанда мугалимдерге байланыштуу кырдаал жакшырганын айтты. Кыргызстанды орус тили мамлекеттик тил статусуна ээ болуп, аны бир жарым миллион бала үйрөнөт.
Форумдун ишкердик программасынын алкагында Евразия мейкиндигин өнүктүрүүнүн негизги багыттарына арналган тематикалык панелдик сессиялар өттү. Алар медиа жана креативдик индустриялардан баштап гуманитардык өз ара аракеттенүүгө чейинки абалды камтыды.
"Жалпы эс-акыл — жалпы келечек: Евразиянын глобалдык трансформация шарттарында тарыхый чындыкты коргоо стратегиялар" деген сессияда катышуучулар тарыхый мурастарды коргоонун практикалык механизмдерин талкуулашты. Форумда Жеңиш күнүнө арналган масштабдуу майрамдык иш-чаралар өткөрүлөрү жарыяланды.
"2026-жылы “Жеңиш 9/45” кыймылы өзүнүн географиясын кеңейтет жана Бишкек, Кишинёв, Ереван, Алматы, Ташкент, Душанбе, Сухум, ошондой эле Париж, Белград, София, Варшава, Анкара, Германиянын Саарбрюккен шаары жана Кытайдын Далянь шаары — мурдагы Порт-Артур сыяктуу дүйнөнүн 14 шаарында иш-чара өткөрөт. Бул ири эл аралык патриоттук акциялар, концерттер жана эстелик долбоорлор болуп, адамдарды жалпы тарыхтын айланасында бириктирет", - деди Орусиянын Мамлекеттик Думасынын вице-спикери, эл аралык “Жеңиш 9/45” патриоттук кыймылынын жетекчиси Борис Чернышов.
Дискуссиянын өзүнчө блогу гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө жана коммерциялык эмес уюмдар менене коомдук бирикмелердин Евразиядагы гуманитардык таянычын түзүүдөгү ролуна арналды. ОрусиянынТышкы иштер министрлигинин маалымат жана басма сөз департаментинин директору Мария Захарова "Евразия" — өз ара аракеттенүү үчүн ачык жана ыкчам аянтча экенин айтты.
“Евразия” — бул тирүү, сезимтал структура, ал биздин жалпы мейкиндиктеги элдердин суроо-талаптарына дароо жооп берет. Көптөр узак убакыттан бери мындай жеткиликтүү жана реалдуу убакыт режиминде иштеген өнөктөш таппай келген. “Евразия” 40 өлкөдө иш алып барат жана 120 миң адамды бириктирет. Алар уюмдун ишмердүүлүгү жөнүндө жөн гана кабардар эмес, анын долбоорлорун түздөн-түз ишке ашырууга катышып жатышат", - деди Мария Захарова.
Форумдун ардактуу коноктору жана спикерлери арасында Кыргызстандын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова, Кыргызстандын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Жантаев, Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Алимов, Орусиянын агартуу министринин статс-катчысы — орун басары Андрей Корнеев, Орусиянын эл артисти, МХАТ театрынын жана Москва губерниялык театрынын көркөм жетекчиси Сергей Безруков, өзбек жана орусиялык кино жана теле режиссёру, продюсер, актёр, сценарист, “Евразия-Кинофест” эл аралык кинофестивалынын президенти Жаник Файзиев, “Чакырык” илимий-маданий байланыштарды өнүктүрүү фондунун башкы директору Наталья Третьяк, Микаэл Бадалян (Армения), Алибек Тажибаев (Казакстан), “Бир алкак — бир жол” инвестиция жана өнүктүрүү боюнча орус-кытай фонду жана орус-кытай кызматташтык ассоциациясынын төрагасы Ван Цюнь, Орусиянын аскер-тарых коомунун жетекчисинин орун басары Александра Коновченко жана башкалар болду.